Анан ага Өз жаныбыздан боорукерлик жана пакизалык да (бердик). Ал такыбаа адам болду.

Намаз убактысы

Багымдат
06:47
Күн чыгышы
08:26
Бешим
13:12
Аср
16:17
Шам
18:00
Куптан
19:39

Биз жөнүндө

Бишкек шаарынын казысынын  Өмүр баяны

Маджитов Садридин  Халимович  1972-жылдын 21-июнунда  төрөлгөн.

1992-1996-ж Бишкек  шаарындагы  “Хазрети Умар” атындагым  Ислам инситутунда  мударис.  2000-2004-ж Пакистан Республикасы  “Абу  Хурайра”  Ислам  Унверситети, шарият  факультетинде  окуган. 2005-2008-ж  Бишкек  Ислам  унверситетинде  мударис.

2008-2012-ж  Бишкектеги “махмуд Кашкари”  мечитинин  Имам   Хатиби. 2012-жылы  КМДБнын   Уламалар  Кеңешинин  мүчөсу. 2014-ж  КМДБ нын  Аалымдар  Кеңешинин  мүчөсү.      

Учурда бир кыз, бир  уулдун  атасы.

 

Бишкек  Казыяты.

Бишкек  шаардык  мусулмандар  Казыяты 2003-жылы  13- августа Кыргыз  Республикасынын  Өкүмөтүнүн  алдындагы  Дин  иштери боюнча  комиссияснын  каттоосунан  өтүп,  ошондон  бери  өзүнүн  ишмердүүлүгүн  жүргүзүп  келүүдө.  Эң  биринчи  2003-жылдан 2005-жылдары  Масалиев  Абдыманап,  ал  эми  2005-жылдан   2010-жылга  чейин   Маматов  Шакир  ажы  Казы  болуп  иштешкен. 2010-жылдан  2013-жылдын  июльуна  чейин Токтомушев  Максат ажы, 2013- жылдан  2014-жылдын 20-мартына чейин  кайрадан  Шакир ажы  Маматов   иштешкен.  Ал эми  2014-жылдын  20-мартынан Маджитов  Садридин ажы  казылык  милдетти  аткарып  келүүдө.

Казыяттын   иш  аракеттеринин  негизги  максаты,  Ислам  динин  бекемдөө. Бишкек  шаарынын  мусулмандарынын    диний  керектөөлөрүн  канаттандыруу  болуп  эсептелет.

Ислам  динине  таандык  жетекчи  органы    КМДБ  жана  Аалымдар  Кеңеши.

Бишкек  шаардык  мусулмандар Казыятынын  алдында  53 мечит,  1 ислам  университет,  1  институт,   8  медресе  жана    бир  канча  намазканаларды  камтыйт.

Дареги Бишкек  шаары. Гоголь көчөсү-53  тел факс- 486498

Бисмиллахир Рахмаанир Рахиим!

КЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАРЫНЫН ДИН БАШКАРМАСЫНЫН БИШКЕК ШААРДЫК КАЗЫЯТЫНЫН АППАРАТТЫК ШТАТТЫК КЫЗМАТЧЫЛАРЫ.

 

Кызматкердин аты-жөнү                   Кызматы     

1.Маджитов Садридин ажы                  Шаардын казысы

2.Суеркулов Алманбет                         Казынын орун басары жана каржы б.б.

3.Джусупбеков   Мухтар                      Казынын орун басары

4.Аноркулов  Мухаммад                      Даават, маалымат жана фатва б.б.

5.Сыргабаев  Асан                               Казынын орун басары

6. Бабажанов  Ярмухамад                   Мечит-медресе (курулуш) б.б.

7.Сариев   Расулбек                            Жоопту катчы 

8.Мамбеткулов Жолдошалы                 бухалтер