Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Намаз убактысы

Багымдат
06:47
Күн чыгышы
08:26
Бешим
13:12
Аср
16:17
Шам
18:00
Куптан
19:39

Зордуктун аягы-кордук

Колу ийининен кесилген киши эртеден кечке көчө кыдырып: "Менин абалымды көргөн адам, эч качан эч кимге зулумдук кылбасын" - деп кыйкырып жүрөт. Ал бул адатты өзүнө көнүмүш кылып алгандай. Ага көңүл бурбай өтүп жаткан көпчүлүктүн арасынан бирөө токтоло калып, анын айтканына кызыкты: - “Эмне минтип жар салып жатасыз, айтканыңыздын себебин билсек болобу?”– деди ал сылык. 
Тиги: - Айтсам ааламга сыйбас арманым бар, менин башымдан өткөн окуя таң калыштуу - деп башынан өткөргөнүн төкпөй чачпай айтып берди: "Күндөрдүн биринде дарыянын жээгинде баратып, чоң балык кармап алган кишини көрүп калдым. Анын жанына басып барып, балыгын тартып алууга аракет кылдым. Бирок тиги: Жок! Муну сага бере албайм, мен аны сатып бала-чакама тамак-аш, азык-түлүк алышым керек - деп жаналакетте каршылык көрсөттү. Мен анын каршылыгына карабай күчүмө таянып балыкты тартып алдым да, үйүмдү көздөй басып кете бердим. Жолдо баратканда кокустан балык баш бармагымды катуу тиштеп алды, балык тиштеген жер сыздап ооруткандыктан түнү менен көз ирмей албай чыктым. Таң эрте туруп карасам колум шишип кетиптир. Эмне кылаарымды билбей шашкалактап ооруканага жетип бардым да дарыгерге жолугуп колумду көрсөттүм. Дарыгер: Баш бармагың ууланыптыр, эгер тезинен кестирип салбасаң анда колуңдун бардыгына тарап кетет - деди. Мен анын айтканына дароо макул болдум, анткени менде андан башка чарам калбаган эле. Ошентип баш бармагымды кестирип салып үйүмө кайтып келдим. Бүгүн тынчыраак уктайм го деген ой менен жуурканымды жабынып, көзүмдү катуу жумуп жатып алдым. Бирок, ал түнкү оору биринчи күнкүдөн да катуу болду, уктай албадым. Эртелеп туруп кайра дарыгерге бардым, ал: Бармактарыңдын бардыгын кестирбесең болбойт”- деди. Дагы кестирдим. Андан кийин оору чыканагыма чейин жетти, чыканагымды да кестирип салдым. Ушуну менен оорум токтойт деп үмүт кылдым, бирок оору ийиниме чейин жетти. Кайра дарыгерге жетип бардым, ал: “Эгер колуңду ийиниңе чейин кестирип салбасаң, анда оору денеңдин бардыгына жайылып кетет”- деди. Аргасыз болдум, кылаарга эч бир айла таппай дарыгердин айтканына көнүп гана тим болдум. Ошентип колум ийиниме чейин кесилип калды, кайгырып үйүмө кайттым, жолдо келатсам бирөө: “Колуңа эмне болду, эмне үчүн кестирдиң?”- деп сурады. Мен ага балыктын окуясын айтып бердим. Ал окуяны жакшылап тыңшап укту, анан мага: Эгер балык колуңду тиштеген замат балыктын ээсине барып акыңды адал кылып, ыраазы кылганыңда колуң кесилмек эмес. Азыр да кеч эмес, тезинен барып андан кечирим сура, антпесе оору бүт денеңе жайылып кетпесин - деп насаатын айтты. Мен балыктын ээсин издеп жөнөдүм, кыдырып жүрүп акыры аны таптым. Ага жолугарым менен бутуна жыгылып: “О, бир тууганым! Алла үчүн мени кечир, мен кылган ишиме өкүнүп жатам”- деп кечирим сурадым. Ал: “Сиз кимсиз?”- деп мени тааный албай турду. Мен: “Бир нече күн мурда сен кармаган балыкты күч колдонуп тартып алган заалым адам менмин”– деп, өзүмдү тааныштырып болгон окуяны айтып берип, колумду көрсөттүм. Ал колумду көрөөр замат көз жашын төгүп мындай деди: “Мен сизди Алла үчүн кечирдим”. Мен андан: “Сен мага каршы дуба кылдың беле?” - деп сурадым. Ал: Ооба – деп, башын ийкеди. Мен эмне деп дуба кылдың эле - дедим. Ал: “О, Алла! Бул адам өз күчүнө ишенип мага зулумдук кылды жана Сен мага ырыскы кылып берген нерсени тартып алды, менде ага каршы турганга күчүм жок, күч-кудурет ээси Сенсиң, мага күч-кудуретиңди көрсөт!” - деп жалынып-жалбарып дуба кылгам - деди.

Бул окуяда бизге сабак болчу бир канча чындыктар бар:

1. Заалым күчүнө таянып зулумдук кылса, мазлумдун дубасын кабыл кылаар Жаратуучусу бар...

2. Эч бир зулумдук жазасыз калбайт...

3. Жакшы кылсаң өзүңө, жаман кылсаң өзүңө, өйдө карап түкүрсөң кайра түшөт көзүңө...